Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 07.05.2016 11:58

Кара-Көл шаарындагы «Жылдын мыкты окуучусу» аныкталды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаардык «Жылдын мыкты окуучусу-2016» сынагынын жеңүүчүсү деп 14 жаштагы Илим Молдобеков табылды.
Илим Молдобеков аймактык кабарчыга билдиргендей, учурда шаардагы №3 М.Фрунзе атындагы орто мектепте 10-класста билим алууда. Үй-бүлөдө эки бир туугандын кичүүсү, өзүнөн улуу агасы бар.

«Сынакка бир жума бою катуу даярдандым. Баш байгени жеңүүнү өтө күттүм. Буга чейин эл алдына чыгып жүргөндүктөн сүрдөгөн жокмун. Шаардагы шайыр тапкычтар клубунда да ойнойм. Клуб менен жакында ийгилик жаратып, Бишкек шаарына барып келдик», - деди ал.

Илим келечекте мыкты журналист же котормочу болгусу келет. Алгебра сабагын кызыгып окуйт.

Сынакка шаардагы 6 мектептин 10-11-класстарынын активдүү, эң жакшы окуган, жүрүм-туруму үлгүлүү окуучулары катышты.

Катышуучулар:

- №1 Токтогул атындагы мектеп-гимназиясынан Айгерим Талантбекова;

- №2 Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинен Сезим Орозбекова;

- №3 М.Фрунзе атындагы орто мектебинен Илим Молдобеков;

- №4 Д.Шопоков атындагы орто мектебинен Элиза Төлөгөнова;

- №5 Хуриев атындагы орто мектебинен Жаныбек Садырбеков;

- №6 Темиров орто мектебинен Перизат Ырсалиева.

Сынактын тапшырмалары:

- «Ийгилик формуласы»;

- «Тарых жана маданият жылына арналган долбоорду презентациялоо»;

- «Заманбап улуттук кийимдер-2016»;

- «Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги ырлар»;

- «Конвенциянын жашыл өңү» (окуучулардын колунан жасалган
макеттер, буюмдар көргөзмөлөрүнүн жыйынтыгы менен бааланды).

Бул иш-чара жыл сайын жаз мезгилинде шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулат.

Сынактын максаты — жакшы бааларга татыган мыкты окуучуларды, предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрүн, мыкты спортчуларды эл алдына алып чыгуу. Ошондой эле мектеп турмушуна активдүү катышкан, балдарды тарбиялоодо мугалимдерге колдоо көрсөткөн ата-энелердин эмгегин баалоо.

Сынактын жеңүүчүсү менен катышуучуларга дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×