Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу 07.05.2016 09:06

Аксы районунда сел жүрдү

Turmush -  Аксы районунда бүгүн, 7-майда саат 00:00-01:00 чамасында катуу мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Анын кесепетинен 12-жол тейлөө ишканасынын балансындагы Топ-Жаңгак–Кара-Суу–Кызыл-Көл багытындагы унаа жолдун 20-22-чакырымындагы аралыгын шагыл-таштар басып, жол каттамы токтоп калды, деп билдирди ӨКМ.

Мындан сырткары 2 турак жайдын айланасын, кошумча курулуштарын жана 1 ФАПтын айланасын шагыл-таштар каптаган. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Саат 07:30 чамасында ӨКМдин райондук бөлүм башчысы, капитан Замир Дүйшөбаев жана Кара-Суу айыл аймагынын башчысы жеринен тактоо үчүн Кызыл-Көл айылына чыгып кетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×