Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көлдөгү аскер бөлүктө каза болгон 19 жаштагы жоокердин бөйрөк тарабына сокку болгон

Turmush -  Улуттук гвардиянын Кара-Көл шаарында жайгашкан №718 аскер бөлүгүндө 4-майда 19 жаштагы катардагы жоокер каза болгону маалымдалган.

Каза болгон катардагы жоокер – А.Актилек 1997-жылы Ош облусунун Алай районунда туулган. Аскердик милдетин өтөөгө Алай райондук аскер комиссариаты тарабынан 2015-жылдын 4-ноябрында чакырылган.

Аталган факты боюнча 1996-жылы туулган Ш.Адилет шектелүүдө. Ал Ала-Бука райондук аскер комиссариаты тарабынан 2015-жылдын 4-ноябрында чакырылган.

Күбөлөрдүн айтымында, кезметтеги Ш.Адилет саат 23:00 чамасында уктоочу бөлүмгө кирип, эс алып жаткандардын тынчын ала баштаган. Ал учурда А.Актилек башында турган ашканадагы нөөмөтчүлөр келип, Ш.Адилетке эскертүү берген.

Ш.Адилет Тилектин: «Эмне үчүн эс алып жаткан жеке курамга тынчтык бербей жатасың?», - деген суроосуна, - «Мен бүгүн саат 02:00гө чейин кезметте болом. Менин убактым бүткүчө сүйлөгөнгө укугум бар», - деп жооп берген.
Андан улам экөөнүн ортосундагы кайым айтышуу мушташка жетип, эс алып жаткан жеке курам аларды арачалаган. Бул учурда Ш.Адилет буту менен Тилектин бөйрөк тарабына (алгачкы маалыматтарда Тилектин төшү менен моюн тарабына 2 жолу сокку болгондугу айтылган) тепкен. Ал соккудан кийин Тилек кулап түшкөн. Актилек алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин Кара-Көл шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын каза болгондугун маалымдаган.


Учурда Жалал-Абад облустук аскер горнизонунун аскер прокурорунун орун басарынын жетекчилиги менен тергөө иштери жүрүп жатат. Айыпталуучу Ш.Адилет учурда аскердик бөлүктө, анын баш коргоо чарасы карала элек. Тергөөчүлөр окуянын күбөлөрүн суракка алууда.

Ошондой эле окуя болгон бөлүктө Улуттук гвардиянын командачысынын орун басары жетекчилик кылган комиссия тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

Каза болгон жоокердин денесине экспертиза жүргүзүлүп, сөөктү туугандары алып кетишти. Дене бүгүн, 6-майда саат 05:00дө Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Турмуш айылына жеткирилди.

Маалыматтарга ылайык, каза болгон жоокердин ата-энеси Россияда эмгектенип жүргөн. Бүгүн алардын Ош шаарына келиши күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1647
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×