Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 06.05.2016 11:40

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну тамак-ашка кошулуучу көк чөптүн түрүн сатуу менен киреше табат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Жусуп Коңулчиев тамак-ашка кошулуучу көк чөптүн түрүн өстүрүү менен киреше табат.  Ж.Коңулчиев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал кесиби боюнча ширетүүчү жана айдоочу. Бирок өз кесиби менен эмгектенбейт.

«Тамак-ашка кошулуучу көк чөптүн түрүн өстүрүүнү бир нече жылдан бери өздөштүрүп, ыгын билип калдым. Жазында помидор, кызылча, болгар калемпирин, капуста өңдүү жашылчанын уругун тигип, көчөтүн өстүрүп, сатууга даярдайм.

Ал көчөттөрдү сатып бүткөндөн кийин петрушка, укроп сыяктуу тамак-ашка кошулуучу көк чөптөрдүн түрүн эгип, сатам. Ошентип сезон убагында эки ирет түшүм алып, сатууга үлгүрөм», - деди ал.

Анын айтымында, жылына жалпы 15 миң сом чыгым кетет. Ал эми кирешеси 100 миң сомдон ашат.

«Быйыл көчөттөрдү эрте саттым. Былтыр бир даана көчөттүн баасы 2-2,5 сомдон болсо, акыркыларын 1,5 сомдон өткөргөм. Быйыл 1 сомдон сатып жатабыз. Кардарлар үйдөн алып кетишет. Убакыт болгондо ишемби күнү базарга чыгып сатам.

Ушул иштин аркасы менен үй-бүлөмдү багып жатам», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×