Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.05.2016 10:38

Жалал-Абад шаарында сууга болгон дебитордук карыз 9 млн сомдон ашты

Turmush -  Жалал-Абад шаарында быйылкы жылдын 1-апрелине карата сууга болгон дебитордук карыз 9 млн 204 миң сомду түздү.

Маалыматка ылайык, анын ичинен калк 4 млн 471 миң сом карыз болсо, бюджеттик мекемелердин карызы 3257 миң сомду, коммерциялык мекеме-ишканалардын карызы 1476 миң сомду түзгөн.

Ал эми былтыркы жылдын 1-апрелинде карыз 8 млн 171 миң сомду түзгөн. Аны менен былтыркы жылга салыштырмалуу дебитордук карыз 1033 миң сомго көбөйдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×