Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 06.05.2016 08:28

Аксынын айылдарын каптаган сел суулары (фото)

Turmush -  Аксы районунда 3-майда саат 04:00-05:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду, көпүрөлөрдү, турак жайларды жана короо сарайларды жараксыз абалга келтирип, мал-жандыктарды басып калган.

Жаңы-Жол айыл аймагындагы Таштак айылынын Жыл-Булак тилкесиндеги Жыл-Булак колотунан келген сел суулары ички чарбалык унаа жолду, 2 турак жайдын короо-жайын каптап, шагыл таштар басып калган жана 1 мал сарай сел сууларынан авариялык абалга келген.

Мындан сырткары Караган-Сай селканасы сел калдыктарына толуп, катарлаш жайгашкан турак жайларга кооптуу абал жараткан. Аксы токой чарбасы тарабынан 1 жүктөгүч тартылып, жол калыбына келтирилди, деп билдирди ӨКМ.

Кара-Жыгач айыл аймагындагы Чарба айылынын Кургак-Кыштоо сайынан келген сел суулары 8 турак жайдын короолоруна шагыл, таштарды агызып келип, анын кесепетинен 5 турак үйдүн ичине суу кирип, 2 бөлмөлүү убактылуу курулган үйдү (времянка), 2 мал сарайды кулатып, авариялык абалга келтирген. 8 турак жайды коопсуз жайга көчүрүү боюнча айыл аймак тарабынан жер тилкелери такталып, короолорду сел калдыктарынан тазалоо иштери аткарылган.

ӨКМдин Таш-Көмүр шаарындагы 2-издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары тарабынан 6 турак жайдын ээлерине берилген 6 чатыр коопсуз жайга тигилди.

Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Суу айылынын Кара-Суу дарыясынын сол жээгинде жайгашкан 7 турак жай, айыл өкмөттүн имараты, ички чарбалык жол жана Чоң-Арык каналы дарыянын ташкындоосунан кооптуу абалда калган.

Кезарт сайынан келген сел суулары райондук №12 жол тейлөө ишканасынын карамагындагы темир бетондон курулган 1 көпүрөнүн оң, сол жээгин жемирип, авариялык абалга алып келген.

Кезарт айылындагы колоттордон келген сел суулары 25 турак жайдын короолорун, чарбалык курулуштарын, 1 мал сарайдагы болжолдуу түрдө 170 майда жандыктарды (кой, эчки) жана ички чарбалык унаа жолду басып калган. Аталган 25 турак жайдын ичинен 2 турак жай авариялык абалга келген, 4 турак жайды коопсуз жайга көчүрүү тууралуу сунуш берилген. Ал эми 2 турак жай коопсуз жайларга көчүрүүгө муктаж.

Чалдыбар айылынын Бечел-Аюу, Бейит-Өлдү жана Ак-Башат колотторунан түшкөн шагыл, таштар Топ-Жаңгак–Кара-Суу–Кызыл-Көл багытындагы унаа жолду тосуп, төмөн жагында жайгашкан 11 турак жайдын короолорун, 6 чарбалык курулуштарын, мал сарайлардагы 15 койду, 6 козуну, 1 музоону басып калган.

Дарыянын кооптуу болгон 107 метр аралыгын бекемдөө үчүн КР ӨКМ тарабынан тендер жарыяланган.

Бүгүнкү күндө кооптуу болгон дарыянын жээгинде убактылуу суунун нугун буруу үчүн техникалар тартылып, калыбына келтирүү иштери аткарылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×