Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 05.05.2016 20:34

Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүндө 19 жаштагы жоокер каза болду

Turmush -  Улуттук гвардиянын Кара-Көл шаарында жайгашкан №718 аскер бөлүгүндө кечээ, 4-майда катардагы жоокер каза болду. Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдалгандай, бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Айрым маалыматтарга ылайык, катардагы жоокерлердин ортосунда мушташ болгон.

Жергиликтүүлөр билдиргендей, окуядан кийин каза болгон жоокердин туугандары аскердик бөлүккө чогулушту.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, каза болгон катардагы жоокер –  А.Актилек 1997-жылы Ош облусунун Алай районунда туулган. Актилек окуядан кийин ооруканага жеткирилип, бирок оор жаракатынан улам ооруканада каза болгон.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×