Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 05.05.2016 16:51

Ала-Букадагы көлчүккө 1,5 жана 2,5 жаштагы бир туугандар чөгүп каза болду

Turmush -  Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагына караштуу Сапалак айылында 1,5 жана 2,5 жаштагы ага-ини көлчүккө чөгүп каза болду. Окуя 30-апрелде болгон, деп билдирди Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү. Денелер издөө иштеринен кийин саат 22:00 чамасында табылган.

Маалыматтарга ылайык, ойноп жүргөн бир туугандар ата-энеси менен бирге жашаган үйдүн жанындагы көлчүктүн суусуна тумчуккан. Божомолдор боюнча, алгач кичүүсү чөгүп, аны куткарууга арат кылган улуусу кошо чөгүп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×