Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 04.05.2016 11:34

Аксынын Жолборсту айылындагы сел 2 көпүрөнү каптап, каттамдар токтотулду (фото)

Turmush -  Аксы районундагы Жолборсту айылында 2 көпүрөнү сел алып, каттамдар токтоду. Жолборсту айылынын башчысы Базаралы Раимовбековдун айтымында, айылда жалпы 5 көпүрө бар.

«Жолборсту айылында жалпы 5 көпүрө бар. Анын ичинен 2 көпүрөнү 2-майда каптаган сел алып кетти. Учурда жергиликтүү тургундар ат менен каттап жатышат. Андан сырткары 3 чакырым жол дагы жараксыз абалга келди. Азырынча башка зыян жок», - деди айыл башчы.

Мурдараак маалымдалгандай, Аксынын 7 айыл өкмөтүндө сел жүрүп, 5 үйдү жана 10го чукул сарайларды каптаган.

Аксынын Кезарт айылында селден улам малкана кулап, 170 баш мал-жандыкты басып калды

Кара-Суудагы Төлөйкан айылын сел каптап, 20га жакын малды агызып кетти (фото)

Ала-Буканын айылдарын сел каптап, унаа жол, суу түтүктөрү жабыркады (фото)

Ала-Букада элди өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен сактоо үчүн штаб ачылды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×