Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 03.05.2016 14:05

Сузак районунда айылдашын өлтүрүүгө шектүү 42 жаштагы жаран кармалды

Turmush -  Сузак районунда 49 жаштагы адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-майда түнкү саат 03:00дөр чамасында Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы Караинген айылынын талаасында аталган айылдын 1967-жылы туулган тургуну К.К.нын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган.

Окуя болгон жерге Сузак РИИБдин тергөө-оперативдик тобу, Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары милициянын полковниги М.Шайбеков, Сузак РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Н.Жаныбеков жана кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери чыгышкан.

Аталган факт боюнча Сузак РИИБге каза болгон жарандын бир тууган эжеси арыз менен кайрылган. Аталган иш Сузак РИИБдин кылмыштарды каттоо китепчесине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертиза, соттук-криминалистикалык жана соттук-биологиялык экспертиза дайындалган.

Аталган кылмышка шектүү катары изи сууй электе Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Караинген айылынын тургуну 42 жаштагы Б.Б кармалып, РИИБдин убактылуу кармоо жайына КРнын Жаза-процессуалдык кодексинин 94-беренесинин негизинде киргизилди.

Кармалган жаран 1974-жылы Сузак районунун Караинген айылында туулган, үй-бүлөлүү, убактылуу иштебейт. 2005-жылы Сузак райондук соту тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пункту менен 5-жылга соттолгон.

Тергөөчүнүн маалыматына ылайык, өлтүрүлгөн жаран менен шектүү адам спирт ичимдигин ичип отуруп, алардын ортосунда өз ара келишпестиктен улам мушташа кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×