Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 03.05.2016 13:14

Аксынын Кезарт айылында селден улам малкана кулап, 170 баш мал-жандыкты басып калды

Turmush -  Аксы районунун Кезарт айылында 170 баш мал-жандыкты аткана басып калганы кабарланууда. Бул тууралуу Кезарт айылынын башчысы Нуралы Шералиев билдирди.

Анын айтымында, кечээ, кечки саат 6-7лер чамасында каптаган селдин жыйынтыгында малкана кулап, 170 малды басып калган.

«Кезарт айылын каптаган сел Кубаныч Монуев аттуу жарандын малканасын алып кеткен. Селдин кесепетинен анын малканасында турган 170 баш кой, эчкисин басып калган. Айыл тургундары малканадагы мал-жандыктарды чыгарууга аракет кылууда. Канчасы тирүү калганы белгисиз. Селдин келтирилген чыгымдары такталып жатат. Андан сырткары айылдагы короолорду сел каптап, эгиндерге зыян келтирген. Учурда 10дон ашуун короого зыян келтирилгени аныкталууда», - дейт айыл башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×