Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 03.05.2016 14:05

Аксынын Гезарт айылында 2 үйдү сел алып кетти (фото)

Turmush -  Аксы районунун Гезарт айылында 2 үйдү сел алып кетти, деп билдирди айыл башчы Нуралы Шералиев.

Анын айтымында, үйлөр жараксыз абалга келген.

«Кечээ, 2-майда кечки саат 6-7лер чамасында катуу сел 2 үйдү алып кеткен. Ал үйдө жашагандар жабыркаган эмес. Андан сырткары, айылдагы 10дон ашуун короону шагыл басып калган. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат. Шагыл баскан короолор мындан дагы көп болушу мүмкүн», - дейт айыл башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×