Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 30.04.2016 10:23

Алмалуу-Булак айылында кайрадан жер көчкү жүрдү

Turmush -  Бүгүн, 30-апрелде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Тоо айыл аймагында жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Алдын ала маалымат боюнча таңкы саат 5:30 чамасында Алмалуу-Булак айылында кайрадан жер көчкү түшкөн. Жабыркагандар жана кыйроолор жок. Тактоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук комиссия жерине чыгып кетти. Министрлик кошумча маалымат бериле тургандыгын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×