Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 29.04.2016 16:50

Ноокенде май майрамдары спорттук оюн-зооктор, концерттик иш-чаралар менен коштолот

Turmush -  Ноокен районунун калкы үчүн Масы кыштагында 1-май күнү майрамдык эс алуу уюштурулат. Бул тууралуу 29-апрелде акимдин орун басары Нурийла Бекжигитова билдирди.

Анын айтымында, Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүн белгилөө бул күнү райондун борборбук аянты менен эс алуу багында жана Масы айылындагы стадион менен райондогу айыл өкмөттөрдүн аймагында уюштурулат.

1-майды жана 5-май — КРнын Конституциясы кабыл алынган күндү белгилөө боюнча Ноокен районунда бүгүн атайын чогулуш болуп, бул майрамдарды өткөрүүнүн программалары бекитилди.

Элдик эс алуу майрамдары спорттук оюн-зооктор, көңүлдүү ыр-музыкалар, райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери жана айыл-кыштактардан келген өз демилгелүү өнөрпоз адамдардын чыгармалары менен коштолот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×