Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 29.04.2016 10:29

Сузакта кайрадан жер көчүп, Алмалуу-Булактагы окуучулар менен тургундар эвакуацияланды

Turmush -  Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы Үч-Чат аймагында кечээ, 28-апрелде саат 11:00 чамасында 2 млн 500 миң метр куб жер көчкү жүрдү. Адам өмүрүнө зыян келген жок, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 25 адамдан турган куткаруучулар тарабынан Алмалуу-Булак айылындагы орто мектептин 150 окуучусу жана кооптуу аймактагы турак жайларда жашаган тургундар эвакуацияланды. Жалпысынан Алмалуу-Булак айылындагы 73 үй-бүлөнүн жашоочулары коопсуз жакка чыгарылды.

Ыкчам топ жер көчкүнүн токтогон жеринде байланыш каражаттарын орнотуп, байланышка чыгуу аракеттерин жүргүзүүдө.

Окуя тууралуу:

Мурда маалымдалгандай, Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат жайлоосунда 27-апрелде саат 17:30 чамасында көлөмү болжол менен 100 миң метр куб жер көчкү түшкөн. Ал 1 үйдү басып калган.

Саат 18:00 чамасында ошол эле айылдын Башы тилкесинде 1,600 миң метр куб жер көчкү түшүп, 6 турак жайды басып калган. Көчкү жүргөн аймакта 2 өспүрүм жана кош бойлуу аял болгон. Өспүрүмдөрдүн бири менен кош бойлуу аял туура багытка качууга үлгүрүп, Эрлан көчкүнүн алында калган.

Жер көчкүнүн алдында калган 2000-жылы туулган Урматбек уулу Эрлан апасы Гүлжамал Салибаева Россияда иштеп жүргөндүктөн жездесинин үйүндө жашап жаткан. Эрландын денесин куткаруучулар кечээ, 28-апрелде саат 16:15те тапты.

Жергиликтүүлөр куткарып калган 9-класстын окуучусу Мирбек Айталиевдин айтымында, көчкү жүргөн учурда Эрлан менен бирге мал кайтарып жүрүшкөн. Мирбек Turmush басылмасынын кабарчысына көчкү тууралуу айтып берди.

Мирбек

А 1

Ошондой эле кош бойлуу Роза Койчуева айылдаштары көчкү учурунда кыйкырып айткан тарапка качууга үлгүргөнүн айтты.

Өлкө аймагында 2952 үй-бүлө эскертмелерге көңүл бурбай, кооптуу аймактарда жашап жатат, - ӨКМ

Сузакта окуучуну басып калган жер көчкү учурунда тартылган видео

Дарыгерлер жер көчкү жүргөн Алмалуу-Булак айылындагы элге жардам көрсөтүүдө

Фото - Сузакта жер көчкү басып калган өспүрүмдү издөө иштери уланууда (толугу менен)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×