Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 29.04.2016 10:21

Кара-Көлдө ушул жылдын 4 айында жол кырсыктан 2 адам каза болуп, 4 адам жабыркады

Turmush -  Кара-Көл шаарында ушул жылдын 4 айында 7 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн башчысынын орун басары К.Рыскулов билдирди.

Анын айтымында, өрт кырсыгы көбүнчө Бишкек—Ош унаа жолунда жүрүп бара жаткан унаалардан чыккан.

«Өрт кырсыгынын келип чыгышына унаалардын техникалык кароодон өз убагында өтпөгөнү себеп болууда. Ошондуктан айдоочулар жүргүнчүлөрдүн техникалык коопсуздугун эске алышы керек», - деди ал.

Мындан тышкары ушул жылдын 4 айында 3 жол транспорт кырсыгы катталып, окуя болгон жерде 2 адам каза болсо, 4 адам денелеринен ар кандай жаракат алган.

Ал эми 7 өрт кырсыктын бирөө турак жайда, 1 кырсык короо жайда жана бирөө Камбар-Ата ГЭСинин №1 жатаканасында чыгып, 4 унаа өрттөнгөн.

Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын шаардык бөлүмүнүн кызматкерлерлери өрт кырсыгы учурунда 4 млн 210 миң сомдук мүлктү сактап калышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×