Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 04.05.2016 17:19

Айыл турмушу: 44 жаштагы ала-букалык Ж.Осмоналиев чоң кызматтардан баш тартып, кичи мекенинде дарыгер болуп иштөөдө (фото)

Turmush -  Жыргалбек Осмоналиев мындан бир жыл мурда Бишкек шаарынан Ала-Бука районуна аймактык оорукананын директору болуп келген.

Адатта борбордон айыл жерине келип иштөө чанда кездешчү көрүнүш. Turmush басылмасынын кабарчысы башкы дарыгердин бул кадамынын себебин билүүгө кызыкдар болуп, дарыгер менен иш бөлмөсүндө маектешти. Ал өзүнүн эмгек жолун айтып берип, аткара турган иш пландары жөнүндө бөлүштү.

«Мен Ала-Бука районундагы Ызар айылында 1972-жылы туулгам. 1989-жылы орто мектепти аяктап, 1989-1991-жылдар аралыгында Ленинград шаарындагы технология институтунда окудум. Андан соң 1991-1996-жылдар аралыгында Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда окуп, 1996-1997-жылдары Жалал-Абад шаарында ординатураны өтөдүм. 1998-1999-жылдары Бишкек шаарындагы Аскердик окуу жайда тиш доктур болуп иштеп, эмгек жолумду баштадым.

Кайра эле 1999-жылдан тартып Ош шаарында тиш доктур болуп иштеп жүрүп, 2006-жылы Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медицина академиясына окутуучу болуп, иштеп калдым. 2015-жылдын июнь айында Ала-Бука аймактык ооруканасына директор болуп дайындалдым. Менин айыл жерине иштөөгө макулдук бергениме Бишкектеги бирге иштеген көпчүлүк кесиптештерим таң калып, алар үчүн күтүүсүз болду. Анткени мага буга чейин мындан дагы чоң кызматтарга сунуштар түшүп жаткан. Мага Саламаттыкты сактоо министрлигинен Ала-Бука районуна же Ош шаарына барып иштөө сунушу түштү. Мен ойлонуп, өзүм туулуп өскөн районду тандадым. Өз элиме кызмат кылууну чечтим. Анткени айыл жерлеринде, анын ичинде биздин райондо кадрлар жетишсиз экени белгилүү болчу. Менин районго келип иштөө чечимимди министр Т.Батыралиев да колдоого алып, мага дем берди.

Райондогу аймактык ооруканага келип, кызматыма киришкенде, бул жактагы абал мен ойлогондон да жаман экен. Кадрлар жетишсиз, медициналык жабдуулардын эскилиги жетип, көпчүлүгү жарактан чыгып калыптыр. Оорукананын материалдык техникалык базасы толук эмес. Кемчиликтер көп. Кадр маселеси боюнча иш алып барып, 20га жакын жаш дарыгерлерди алып келдим. Ар тараптан каражат таап, жаңы заманбап медициналык жабдууларды сатып алдык. Эл аралык ЮНИСЕФ, Кызыл чырым уюмдары менен иштешип, кемчиликтерди жоюп жатабыз. ЮНИСЕФ уюмунун фондунан бүгүнкү күндө оорукананын айрым бөлүмдөрүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдөбүз. Эл үчүн эмгек кылып, мекенге кызмат кылсам деген тилек менен эмгектенем», - дейт Ж.Осмоналиев.

Ошондой эле ал башкы дарыгер катары ооруканадагы паракорчулук менен күрөшүп, бейтаптарга жакшы мамиле кылууну ар дайым дарыгерлерден талап кылганын белгиледи. Ал тез-тез бейтаптардын абалын сурап турууну көнүмүш адатка айланткан.

«Бейтаптардын ыраазычылык билдирип турганы бизге жакшы иштөөгө дем берет», - дейт дарыгер.

Дарыгердин иш бөлмөсүндө философиялык учкул сөздөрдүн жазылганын көрүүгө болот. Иш бөлмөсүнүн эшигинде «Сабырдуулугумду коркту деп, жардамымды алданды деп, унчукпаганымды билбеди деп түшүнүп алба», - деген жазуу илинген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×