Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 28.04.2016 17:38

Сузакта окуучуну басып калган жер көчкү жүргөн аймактан тартылган сүрөттөр

Turmush -  Кечээ, 27-апрелде саат 17:30та Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Алмалуу айылында жер көчкү жүрүп, 2000-жылы туулган 9-класстын окуучусу Урматбек уулу Эрланды жана адам жашабаган 7 үйдү басып калган.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, бүгүн эртең менен саат 06:45тен баштап Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 150 куткаруучусу окуучунун денесин жер көчкүнүн алдынан издеп табуу үчүн казуу иштерин жүргүздү. Анын денеси саат 16:15те табылганын ӨКМ маалымдады.

«Бул жерден көчкү жүрүү коркунучу бар экендигин эскерткенбиз. Алмалуу айылында жашаган элге 1994-жылы мамлекет тарабынан ссудалар берилип, ылдыйкы зонадан жер тилкелери бөлүнгөн. Көчкү жүргөн аймакта жергиликтүү бийлик тарабынан түшүндүрүү иштери кеңири жүргүзүлгөндүктөн көп адамдын өмүрү сакталып калды», - деди министрдин орун басары Равшан Рыспаев.

ӨКМдин Кызыл-Туу айыл аймагындагы адиси Жолдубай Абдыкадыровдун айтымында, ушул аймакта биринчи жер көчкү жүргөн күндөн баштап Алмалуу айылында жашаган элге кооптуу аймакта жашоого болбой тургандыгы эскертилген.

«Жер көчкүнүн алдында калган үйлөрдүн жашоочулары биз жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринен жана эскертүүлөрдөн улам үйлөрүндө жашабай калгандыгы биздин утушубуз болду», - дейт ал.

Алмалуу айылынын жашоочулары Шумкарбек Мөндөев, Калбай уулу Адилет, Козубаева Жумакан жана Кадырбай Ботобаев шашылыш түрдө үйлөрүнөн көчүп жатышат. Жер көчкү алардын үйлөрүнө жетип токтогон. Ал эми жер көчкүнүн алдында калган 15 жаштагы Урматбек уулу Эрландын апасы менен жакындарына медицина кызматкерлери жардамдарын көрсөтүп жатышат.

Өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Сузак районунун акими Абдумуктар Маматов, ӨКМдин облустук башкармасынын башчысы, майор Сонун Отонбаев жана Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы Арстанбек Асанов жер көчкү жүрөрү менен ошол аймакка барып, жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу жана кооптуу аймактарда жашап жаткан тургундарды коопсуз жайларга көчүрүү иштеринин башында болууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×