Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 28.04.2016 12:56

Айыл турмушу: Ала-букалык ишкер А.Качиев бир айда 100 тоннадай сабизди кайра иштетет (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Келте айылындагы жеке ишкер Абдуманап Качиев сабизди кайра иштетүүнү колго алып, 50дөн ашык адамды жумуш менен камсыз кылды.

А.Качиев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, жумушчулар күн сайын сабизди туурап, күнгө кургатышат. Даяр болгон продукция Бишкек шаарына жүнөтүлөт.

«Биз фирма менен келишим түзүп, аларды кургатылган сабиз менен камсыздайбыз. Бул жерде жумушчулар сабизди тазалап туурап, күнгө кургатат. Андан соң тегирменге тартып, майдалап, фирмага жеткиребиз. Майдаланган сабиздин күкүмдөрүнөн тамак-ашка кошулуучу татымалдар (приправа) жасалат. Бир айда орто эсеп менен 100 тоннадай сабизди кайра иштетебиз», - дейт А.Качиев.

Ал эми бул жерде иштеп жаткан жумушчулар жакынкы айылдардан келген тургундар. Өзүн Гүлипа деп тааныштырган жумушчу эмгек акыны иштеген иштин көлөмүнө жараша аларын айтты.

«Бул жерде айылдагы жумушсуз тургундар иштейт. Сабизди туурап, күнгө жаябыз. Күнүнө 350 сомдон 500 сомго чейин акы төлөйт. Түшкү тамагын да берет. Айыл жеринде жумуш жок болгондуктан жалданып иштеп, акча табабыз. Мектепте окуган балдарым бар, аларды багуу керек. Жумушчулар эртең менен саат 09:00дө келип, кечки саат 18:00гө чейин иштешет. Күн сайын ар бир жумушчу 4-5 кап сабиз туураганга жетишет. Айрымдар үй-бүлө мүчөлөрү менен келип иштешет», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×