Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 28.04.2016 11:23

Сузакта турак үйлөрүн жер көчкү басып калган 7 үй-бүлө убактылуу башка жакка жайгаштырылды, - ӨКМ

Turmush -  Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат жайлоосунда кечээ, 27-апрелде саат 17:30 чамасында 100 миң метр куб жер көчкү түшүп, 7 турак үйдү басып калганы маалымдалган. Ал үйлөрдүн жашоочулары убактылуу башка жакка жайгаштырылды.

Алмалуу-Булак айылынын Башы аймагында да саат 18:00 чамасында болжол менен 1 млн 600 миң метр куб жер көчкүсү түштү.

Ал учурда 3 адам —  1 аял жана 2 бала кашаа тосуп жүргөн. Көчкү 2000-жылы туулган Урматбек уулу Эрланды басып калды. Анын апасы Гүлжамал Салибаева учурда Россияда болгондуктан жездесинин үйүндө жашап жүргөн.

Эрландын жанындагы аял менен өспүрүм качууга жетишкен.

Бүгүн, 28-апрелде ӨКМден ыкчам топ түзүлүп, Ош шаарынан 39 куткаруучу жана Таш-Көмүр шаарынан 23 куткаруучу, Жалал-Абад облусундагы өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинен 65 куткаруучу саат 07:00дө кырдаал болгон жерде издөө-куткаруу иштерин баштады.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×