Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 28.04.2016 10:41

Сузакта окуучуну басып калган жер көчкү учурунда тартылган видео

Turmush -  Сузактын Алмалуу-Булак айылында бир окуучуну басып калган жер көчкүнү жергиликтүү тургун видеого тартууга жетишкен.

Turmush басылмасы кырсык учурунда тартылган видеону жарыялайт.

Видео:

Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат жайлоосунда кечээ, 27-апрелде саат 17:30 чамасында көлөмү болжол менен 100 миң метр куб жер көчкү түшкөн. Ал 1 үйдү басып калган.

Саат 18:00 чамасында ошол эле айылдын Башы тилкесинде 1,600 миң метр куб жер көчкү түшүп, 6 турак жайды басып калган. Көчкүнүн алдында 2 окуучу калып, алардын бирин жергиликтүү тургундар куткарып калышкан.

Жер көчкүнүн алдында калган 2000-жылы туулган Урматбек уулу Эрлан апасы Гүлжамал Салибаева Россияда иштеп жүргөндүктөн жездесинин үйүндө жашап жаткан. Көчкүнүн алдында калган окуучу изделип жатат, деп билдирди бүгүн, 28-апрелде ӨКМ.

Жергиликтүүлөр куткарып калган 9-класстын окуучусу Мирбек Айталиевдин айтымында, көчкү жүргөн учурда Эрлан менен бирге мал кайтарып жүрүшкөн. Мирбек Turmush басылмасынын кабарчысына көчкү тууралуу айтып берди.

Мирбек

А 1


Б 1

Б 2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×