Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 28.04.2016 09:46

Сузакта жер көчкү жүргөн учурда 9-класстын окуучусу Мирбекти куткарып калышты (фото, видео)

Turmush -  Сузак районунда жер көчкү жүргөн учурда 9-класстын окуучусу Мирбек Айталиев тирүү калды.

А 1

Мирбектин айтымында, жер көчкү болжол менен саат 17:30 чамасында түшкөн.

«Биз келе жатканда [каза болгон 14 жаштагы Эрлан менен] бизге: "Качкыла ал жерден" деп кыйкырышты. Биз каякка качууну билбей калдык. Жер көчкү дароо жүрүп, бизди басып калды. Балдар чуркап келип, мени алып чыгышты, досум көчкүнүн алдында калды. Биз мал кайтарып жүргөнбүз», - деди ал.

Видео:

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат жайлоосунда кечээ, 27-апрелде саат 17:30 чамасында көлөмү болжол менен 100 миң метр куб жер көчкү түшкөн. Ал 1 үйдү басып калган. Саат 18:00 чамасында ошол эле айылдын Башы тилкесинде 1,600 миң метр куб жер көчкү түшүп, 6 турак жайды басып калган.

Көчкүнүн алдында калган окуучу — У. уулу Эрлан Көчкөнбай Абдраимов атындагы орто мектепте билим алып жаткан. Учурда аны издөө иштери уланууда. 

Фото - Сузакта жер көчкү басып калган өспүрүмдү издөө иштери уланууда (толугу менен)

Сузактагы жер көчкү 9-класстын окуучусун басып калып, кош бойлуу аял куткарылды (фото)

Сузактын Алмалуу-Булак айылында кайрадан жер көчкү жүрүп, 1 окуучуну басып калды, - тургундар

Сузакта 3 турак үйдү баскан жер көчкү Алмалуу суусун тосуп калуу коркунучун жаратууда, - ӨКМ (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×