Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 28.04.2016 09:33

Сузакта жер көчкү басып калган окуучу апасы Россияда болгондуктан туугандарынын үйүндө жашап жүргөн (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат жайлоосунда кечээ, 27-апрелде саат 17:30 чамасында көлөмү болжол менен 100 миң метр куб жер көчкү түшкөн. Ал 1 үйдү басып калган.

Саат 18:00 чамасында ошол эле айылдын Башы тилкесинде 1,600 миң метр куб жер көчкү түшүп, 6 турак жайды басып калган.

Ошондой эле, 3 адам (1 аял жана 2 бала) каша тосуп жүргөн мезгилде, жер көчкү жүрүп, 2000-жылы туулган Урматбек уулу Эрлан көчкүнүн алдында калды.

ӨКМ маалымдагандай, ал апасы Гүлжамал Салибаева Россияда иштеп жүргөндүктөн жездесинин үйүндө жашап жаткан. Анын жанындагы кош бойлуу аял менен өспүрүм бала куткарылды.

Жер көчкү басып калган турак жайлардын ээлери мамлекеттен ссуда жана жер тилкелерин алган. Учурда көчкү жүргөн аймакта куткаруучулар иштеп жатат.

Б 1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×