Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 28.04.2016 08:33

Фото - Сузакта жер көчкү басып калган өспүрүмдү издөө иштери уланууда (толугу менен)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат жайлоосунда кечээ, 27-апрелде саат 17:30 чамасында көлөмү болжол менен 100 миң метр куб жер көчкү түшкөн. Ал 1 үйдү басып калган.

Саат 18:00 чамасында ошол эле айылдын Башы тилкесинде 1,600 миң метр куб жер көчкү түшүп, 6 турак жайды басып калган. Көчкүнүн алдында 2 окуучу калып, алардын бирин жергиликтүү тургундар куткарып калышкан.
Көчкүнүн алдында калган окуучу изделип жатат, деп маалымдайт ӨКМ.

Өзгөчө кардаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчилиги менен ӨКМдин ыкчам тобу жана райондук жарандык коргоо комиссиясы окуя болгон жерге барды. Издөө иштерине Жалал-Абад шаарынан 4 куткаруучу жөнөтүлдү.

Мындан 10 күн мурда ӨКМдин адистери, айыл өкмөттүн кызматкерлери Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат жана Башы тилкелеринде жер көчкү кооптуулугу жогору экендигин эскертип, жарандарды турак жайлардан көчүрүп чыгарган. Жер көчкүнүн алдында калган турак үйлөрдө жашоочулар болгон эмес, ал эми жер көчкү басып калган окуучу талаада жүргөн.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен министрдин орун басары Равшан Рысбаев кырсык болгон жерде издөө иштерине жетекчилик кылып жүрөт. Ошондой эле саат 19:00 чамасында ӨКМдин 22 куткаруучусу чыгып кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×