Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 28.04.2016 08:08

Сузактагы жер көчкү 9-класстын окуучусун басып калып, кош бойлуу аял куткарылды (фото)

Turmush -  Сузактагы жер көчкү 9-класстын окуучусун басып калды. Кечээ, 27-апрелде саат 17:50дө Алмалуу-Булак айылында жер көчкү жүргөндүгүн ӨКМ маалымдаган.

Каза болгон окуучу — У. уулу Эрлан Көчкөнбай Абдраимов атындагы орто мектепте билим алып жаткан. Ал мал жайып жүргөн учурда жер көчкү жүргөн.

Ошондой эле 6 турак үйдүн жертөлөлөрү ылайга толду.

Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдалгандай, жер көчкү жүргөн аймактан 7 айлык кош бойлуу аялды куткарып калышкан.

Б 1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×