Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Жалал-Абад

Элдик уламыш: Сарык дыйкан жердеген аймакка Саргата айылы негизделген (фото)

Turmush -  Саргата айылы Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү шарты дыйканчылыкка ыңгайлуу айылдардын бири. Аймактык кабарчы айылдагы мектептин тарых мугалими Теңдик Калманбетовдон айылдын аталышы жөнүндө маалымат алды.

Мугалимдин айтымында, айыл Токтогул районунан 55 км, Талас облусунан 280 км, Бишкек шаарынан 380 км алыстыкта жайгашкан.

«Бул жерде 18 кылымдын 2-жарымында Сарык аттуу дыйкан жашаган экен. Ар жылы эрте жазда жер айдап, жүгөрү, буудай эгип мол түшүм алган. Күздө эгинин жыйнап бир нече орого көмүп койчу экен. Колунда жок үй-бүлөлөр, көп балалуулар Сарык дыйкандан эгин сурап барып турушкан. Жардам сурап баргандарга дыйкан ата колунан келгенин аябай, эгинди бекер эле берген. Ошондуктан буудайды же жүгөрүнү алып кетип бара жаткандардан «буудайды кайдан алып келе жатасың», деп сураганда Сарык атадан деп жооп беришкен. Ошентип бул айыл Сарык атанын атынан аталып калган. Тыбыштык жактан өзгөрүү болуп «ы» тыбышы жок болуп, «к» тыбышы «г» тыбышына алмашылып, 2 сөз бириктирилип, Саргата деп айтылып калган», - деди ал.

Бүгүнкү күндө айылда 450дөн ашык түтүн, 2500дөй адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11147
Көп окулду
Элдик уламыштар
Учурда окулуп жатат
×