Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу 27.04.2016 15:55

Жалал-Абад облусунда 245 мугалим жетишпейт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун аймагындагы жалпы билим берүүчү мекемелерге 245 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясында белгилүү болду.

Маалыматка караганда, Аксы районунда - 62, Ноокен районунда - 40, Токтогул районунда - 34, Базар-Коргон районунда - 17, Тогуз-Торо районунда - 16, Жалал-Абад шаарында - 23, Кара-Көл шаарында - 12 мугалим жетишсиз болууда.

Негизинен англис тил, орус тил, математика, физика сыяктуу сабактарды окутуучу мугалимдер жетишсиз экендиги айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×