Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.04.2016 15:42

Тааныштарын ири суммадагы акчага алдап кеткен аял кармалды

Turmush -  2015-жылдын 4-ноябрынан бери издөөдө жүргөн Жалал-абаддык 42 жаштагы аял А.Г. аттуу аял кармалды. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын маалыматына караганда, кармалган аял Жалал-Абад шаарынын тургуну К.Х. аттуу аялга үйүн сата тургандыгын айтып алдап, 15 миң АКШ долларын алып кайтарып берген эмес. Буга катар эле мезгилде өзүнүн тааныштарына «Ауди» үлгүсүндөгү автоунаасын сатаарын айтып, 3800 АКШ долларын алып алган.

Мындан сырткары дүкөндөн жалпы суммасы 1080 АКШ доллары турган жылытуучу плиталарын алып, акчасын бербей качып кеткен. Аталган фактылар боюнча КЖКнын 166-беренесинин негизинде кылмыш иш козголуп, анын жүргөн жери белгисиз болгондуктан издөө жарыяланган. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде кылмышка шектүү Бишкек шаарынын аймагында жашырынып жүргөн жеринен кармалып, Жалал-Абад ШИИБде камакка алынды.

Азыркы учурда бул кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×