Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 27.04.2016 12:03

Сузактык ишкер айымга кол салган кылмышкерлер үй-бүлөсүн сабап, 800 миң сомун тоноп кетти (фото)

Turmush -  Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүндөгү ишкердин үйүнө кечээ, 26-апрелге караган түнү белгисиз адамдар кол салган, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы. Бет капчан 4 киши үйгө кирген учурда үй ээлери уктап жаткан.

Кылмышкерлер 50 жаштагы үй ээси менен анын зер буюмдарды сатуу менен алектенген 46 жаштагы аялын сабап, андан кийин таңып коюшкан. Андан соң үйдүн ичин тинтип, баалуу буюмдарды жана чоң суммадагы акча алып кетишкен.

«Кылмышкерлер үй ээсин бычак менен коркутуп, сейфтин ачкычын алышкан. Сейфтен 1500 сомдон 21 миң сомго чейин бааланган алтын сөйкө, шакек, чынжыр сыяктуу зер буюмдарды алышкан. Жабырлануучунун айтымында, алар жалпысынан 800 миң сомдук зыян тарткан», - деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча Сузак РИИБ тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана Чүй ОИИБдин Патрулдук милициясынын кызматкелери тарабынан шектүүлөр Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылынын аймагынан кармалды.

Кармалган шектүүлөр:

- 1993-жылы Ош облусунда туулган Ж.А.;

- 1987-жылы Ысык-Көл облусунда туулган К.Н.

- 1991-жылы Ош облусунда туулган С.у.Н;

- 1993-жылы Жалал-Абадда туулган Т. у Э.

Маалым болгондой, шектүүлөрдүн үчөө мурда сот жоопкерчилигине тартылып, алардын бири издөөдө жүргөн.

Шектүүлөрдөн уурдалган зер буюмдар далил катары алынып, камакка алынды. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×