Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 27.04.2016 09:31

Базар-Коргондогу сел суусу турак үйлөрдү каптады (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районундагы Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылында кечээ, 26-апрелде саат 06:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Сел суусу 9 кожолуктун турак үйүн жана 46 кожолуктун чарбактарын каптаган. Айылдык маданият үйүнүн жер төлөсүнө да сел суулары кирген. Кыйроолор жок, деп маалымдайт ӨКМ.

Турак жайлар кайрадан текшерилип, техникалык абалына баа берилет. Учурда жергиликтүү тургундар тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×