Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 26.04.2016 16:24

Ала-Буканын Ызар айылындагы 3 бастырмага жыйылган чөптөр өрттөндү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 26-апрелде саат 14:30 чамасында Ала-Бука районундагы Ызар айылында өрт кырсыгы катталды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Өрттүн кесепетинен жанаша жайгашкан үйлөрдөгү 3 бастырмага жыйылган жүгөрү сабактары, тоют чөптөр өрттөндү.

Өрттүн келип чыгышына очоктогу оттун жалыны себеп болгон. Оттун жалынына теректин гүлү тутанып, шамал аркылуу учуп, жайылган.

Райондук өрт өчүрүү кызматы өз учурунда келип, тилсиз жоонун алдын алууга жетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×