Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 25.04.2016 18:42

Айыл турмушу: 28 жыл Кара-Көлдүн элине кызмат кылган дарыгер К.Кулданбаев менен жердештери сыймыктанат (фото)

Turmush -  КРнын эмгек сиңирген дарыгери Кудайберген Кулданбаев 28 жыл Кара-Көл шаарында терапевт болуп эмгектенүү менен жергиликтүү элге кызмат кылды.

К.Кулданбаевдин жубайы Илатбү Сатарова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, анын жолдошу 1948-жылы 20-апрелде Токтогул районунун Бала-Чычкан айылында төрөлгөн.

Мектепти аяктагандан кийин 1965-1971-жылдары Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун дарылоо факультетин аяктаган. Эмгек жолун алгач 1971-жылы Кара-Көл шаардык ооруканада участкалык, цехтик терапевт-дарыгер болуп баштаган. 1976-жылы ушул эле оорукананын терапия бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

1981-1986-жылдары шаардык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары болуп иштейт. 1986-1988-жылдары Токтогул районундагы борбордук ооруканада тез жардам бөлүмүндө дарыгер-терапевт болуп эмгектенет. 1990-2002-жылдары Кара-Көл шаарында Нарын гидроэнергокурулуш башкармалыгына караштуу санатория-профилакториясында башкы дарыгер болгон.

2003-жылы аталган мекеменин жоюлганына байланыштуу Токтогул районунун борбордук ооруканасында 2009-жылдын март айына чейин эмгектенген. 2009-жылы марттан баштап Токтогул районундагы кургак учукту дарылоо ооруканасынын башкы дарыгери кызматын аркалаган. Ушул эле жылы июль айында катуу оорудан кийин көз жумган.

«К.Кулданбаев өзүнүн эмгек жолунда кесиптик деңгээлин заман талабына жараша тынымсыз өркүндөтө билген. Ар дайым изденүү, жаңы медициналык ыкмалар менен элди дарылаган. 1974-жылы Новокузнецк шаарында, 1978-жылы Фрунзеде, 1986-жылы Ленинградда, 1990-жылы Москвада, 1993-жылы Минск шаарында, 2006-жылы Бишкек шаарында билимин өркүндөтүп келген.

Ал терапевт гана болбостон йоготерапевт, физиотерапевт да болгон. Мындан тышкары дарылоонун салттык эмес ыкмаларын, элдик медицинанын ыкмаларын колдонуу менен көптөгөн бейтаптарды дарылап, дартына даба болду.

Жогорку категориядагы дарыгер К.Кулданбаев Кара-Көл шаары менен Токтогул районунун гана элинин саламаттыгын сактоого салымын кошпостон, Кыргызстандын бардык облустарынан келгендерди дарылады. Мындан сырткары Россия, Казакстан, Өзбекстандан дагы бейтаптар келип көрүнүп кетчү», - дешти кесиптештери.

К.Кулданбаев 1972-1976-жылдар аралыгында Кара-Көл шаарында Комсомол комитетинде жана партиялык комитетте коомдук тапшырмаларды аткарган, 1976-1986-жылдары медициналык кызматкерлердин профсоюздук комитетин жетектеген. 2005-2009-жылдары Токтогул райондук борбордук ооруканасынын профсоюз уюмунун башчысы болгон.

Саламаттыкты сактоого сиңирген үзүрлүү эмгектери үчүн 1981-жылы Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 1985-жылы Талас облустук коммунисттер партиясынын Ардак грамотасы, 1987-жылы Кыргызстан компартиясынын Лениндик Ардак грамотасы, ошондой эле Кара-Көл шаардык жана Токтогул райондук администрациянын грамоталары менен сыйланган.

2004-жылы «Саламаттыкты сактоонун отличниги» төш белгисин, 2007-жылы КРнын «Эмгек сиңирген дарыгери» деген наамга ээ болгон. Анын 6 баласы бар. Жубайы И.Сатарова Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиңирген мугалими» наамынын ээси.

Туң уулу Нурбек Кулданбаев медицина илимдеринин доктору. Экинчи уулу Мунарбек Кулданбаев КУУнун экономика факультетин бүтүрүп, туризм тармагында эмгектенет. Кызы Нургүл Кулданбаева инженер-технолог болсо, экинчи кызы Миргүл Кулданбаева врач-лаборант. Уулдарынын үчүнчүсү Калыйнур Кулданбаев Францияда Анже университетин бүтүрүп, туризм тармагында иштейт. Эң кичүүсү Ырыскелди учурда 3-курста билим алууда.

К.Кулданбаев 38 жыл эмгек тажрыйбасынын 28 жылын Кара-Көл шаарынын калкынын саламаттыгын чыңдоого жумшаган. Дарыгердин көп жылдык эмгегин бир гана үй-бүлөсү эмес, жергиликтүүлөр дагы баалап, аны менен сыймыктанышат.

Жакында эле Кара-Көлдөгү Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун рентген бөлмөсүнө К.Кулданбаевдин ысымы ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×