Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 25.04.2016 14:31

Айыл турмушу: Ноокендик ишкер күнөсканада өстүргөн лимондон жакшы киреше табууда (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Момбеков айылынын тургуну Рапытжан Жалилов 6 жылдан бери күнөсканада лимон өстүрүү менен киреше табат.

Р.Жалилов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал быйылкы жылы алган түшүмүнөн 70 миң сом пайда көрүүнү пландоодо.

«3 сотыхты ээлеген күнөскананы 2009-жылы курдум. Ал жерге помидор жана лимон өстүрдүм. Помидор бир жылда 2 жолу түшүм берет. Ал эми лимон эки жылдан бери түшүм бере баштады. Быйыл лимондон 70 миң сом пайда алууну пландап жатам», - дейт Р.Жалилов.

Ал Россиядагы ооруканалардын биринде тез жардам кызматында иштейт. Учурда эс алуу үчүн кичи мекенине келген. Үй-бүлөсү айылда дыйканчылык менен  алектенет.

«Күнөскананы түптөгөндөн кийин элек акча каражатына муктаж болуп, Россияга иштегени баргам. Ал жакта аймактык ооруканада тез жардам кызматында ишке кирдим. Мен чет өлкөгө кеткенде үй-бүлөм күнөскананы карап, түшүм алат. Лимон өстүрсө жакшы пайда берет экен. Өткөн жылы 60 миң сомдой пайда көрдүм. Быйыл мындан көбүрөөк пайда алууну пландап жатам», - дейт ал.

Р.Жалилов күнөсканага лимон өстүрүүнү атайын окуп деле үйрөнгөн эмес. Ал тааныштарынан лимондун көчөттөрүн алып, өстүрүп баштаган. Ошондой эле 2 жылдан бери банан өстүрүп жатат.

Ишкер Р.Жалиловдун 6 уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×