Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 25.04.2016 13:59

Жалал-Абаддагы жол кырсыктан 5 адам жабыркап, бирөө каза болду (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагындагы Ууружар айылында 22-апрелде жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркаган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Патрулдук милиция кызмтынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек—Ош унаа жолунун 491-чакырымында «Форд Транзит» кичи автобусу менен «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышып, 5 адам жабыркап, 1 адам каза болгон.

«Жол кырсыгынын кесепетинен 13 адам жабыркады деген ӨКМдин маалыматы чындыкка дал келбейт. Кичи автобуста айдоочусу менен бирге 10 жүргүнчү болгон. Ал эми жеңил унаада 2 адам болгон. Окуя болгон жерде 5 адам денелеринен жараат алып, бир адам каза болгон. Калган атуулдар ден соолугуна зыян келбегендиктен тарап кетишкен», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы Жалал-Абадда катталган жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 13 жүргүнчү ар кандай деңгээлдеги жараат алгандыгын билдирген.

90

89  91

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×