Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 25.04.2016 08:44

Сузакта 3 турак үйдү баскан жер көчкү Алмалуу суусун тосуп калуу коркунучун жаратууда, - ӨКМ (фото)

Turmush -  Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылындагы Үч-Чат тилкесинде 24-апрелге караган түнү болжол менен көлөмү 1 млн 200 миң метр куб жер көчкү жүргөн. Жер көчкүдөн жайыттагы 1 турак үй жана 1 сарай жабыр тарткан. Ошондой эле 2 чабандын үйүнө кооптуу абал түзүлгөн. Жабыр тарткан үйдө киши жашабайт, жабыркагандар жок, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

«Учурда жер көчкүнүн жылуусу активдүү, көчкү Алмалуу суусуна жетип, суунун нугун тосуп калган. Жер көчкү мындан ары дагы жылса, Алмалуу суусун толук тосуп калуу коркунучу бар. Эгер Алмалуу суусу тосулса 8 чакырым төмөн жакта жайгашкан 73 түтүн жашаган Алмалуу-Булак айылына коркунуч жаратат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×