Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 24.04.2016 13:09

Ноокендеги 1 адам каза болгон авариядан 13 жүргүнчү жабыркады (тизме)

Turmush -  Жалал-Абадда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду жана 13 жүргүнчү ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган.

ӨКМ маалымдагандай, «Форд Транзит» кичи автобусу менен «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү жеңил унаа 22-апрелде саат 05:30да Ноокендин Бүргөндү айыл аймагында Бишкек—Ош унаа жолунун 491-чакырымында сүзүшкөн. Жеңил унаанын ээси — 1987-жылы туулган Раджапов Үсөнбай Кадырович окуя болгон жерде каза болуп, унааны башкарып келе жаткан 27 жаштагы Курмангазы Арзыматов оор абалда Кочкор-Ата шаардык ооруканасына жеткирилди.

1969-жылы туулган З.Имаров башкарып бараткан кичи автобустун 4 жүргүнчүсү ооруканага жеткирилди.

Кичи автобустун жүргүнчүлөрү:

1. 1962-жылы туулган Мисирова Марзи;

2. Мизаяева Косият;

3. 2000-жылы туулган Кыпчакова Азиза;

4. 1987-жылы туулган Китаев Журобжан;

5. 1989-жылы туулган Изамидинов Фарух;

6. 1973-жылы туулган Саидов Исак;

7. 1967-жылы туулган Ризванов Махмарашид;

8. 1969-жылы туулган Имаров Самидин;

9. 1994-жылы туулган Жалилова Зарина;

10. 1953-жылы туулган Кыпчакова Савлат;

11. 1971-жылы туулган Жалалова Бахри.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×