Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 23.04.2016 12:34

Айыл турмушу: Ала-букалык дыйкан 450 миң сомго курган күнөсканадан жылына 2 жолу түшүм алууда (фото)

Turmush -  Ала-Бука районундагы Жойбелент айылынын 43 жаштагы тургуну Батырбек Кочкорбаев мындан үч жыл мурда күнөскана куруп, помидор, бадыраң, көк пияз сыяктуу жашылчаларды өстүрүүнү баштаган.

Б.Кочкорбаев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал курган күнөскананын жалпы аянты 3 сотыхты ээлеп, аны курууга 450 миң сомдук каражат жумшаган. Бул күнөсканалардан жылына эки ирет түшүм алат.

Ошондой эле ал 3 жердешин жумуш менен камсыздады. Учурда күнөсканадагы помидорлор гүлдөп, ал эми бадыраңдын алгачкы түшүмү базарга сатыкка чыгарыла баштады.

«Мен өстүргөн помидордун сорту "буран" деп аталат. Күнөсканада 600 түп помидор бар. Алардын ар бири бир сезондо 5-6 кг түшүм берет. Өндүрүлгөн продукциялар райондун базарында сатылат. Күнөскананы курууга кеткен каражаттын чыгымын актап калды», - дейт ал.

Дыйканга тамчылатып сугаруу системасы да бир топ жардам берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×