Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 23.04.2016 09:56

Жалал-Абад медициналык колледжинин жоопкерчиликтүү кызматкерлери 351 миң сомду ээлеп алганы ачыкка чыкты, - ИИМ

Turmush -  Жалал-Абад ОИИБдин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу билим берүү мекемесинен акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу жана документтерди жасоо фактысын аныктады.

Бүгүн, 23-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүү учурунда Жалал-Абад медициналык колледжинин жоопкерчиликтүү кызматкерлери студенттерден чогулган камкордук фондундагы каражатты алуу үчүн жасалма акты түзүшкөн.

Мындай жол менен 351 миң сом зыянга учурап, студенттерден 2015-жыл ичинде чогултулган каражат максатсыз пайдаланылган.

Бул факты боюнча Жалал-Абад ОИИБ тиешелүү берене менен кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×