Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 22.04.2016 15:26

Аксыдагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына кылмыш иши козголду

Turmush -  Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кара-Суу айылдык кеңешинин мурдагы төрагасы Раимкул Барпиев билдирди.

Анын айтымында, кылмыш иши козголгонуна 15 күндөн ашса дагы тергөө иши баштала элек.

«Жалал-Абад облустук прокуратурасынан тергөөчү келет деп айтышкан. Бирок учурда тергөө иши баштала элек. Айыл өкмөт кылган ишин жаап салуу аракетин көрүп жатат деп айтылууда. Биз бул иштин тез арада тергелишин талап кылып жатабыз. Эгер иш акыйкат тергелбесе жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылабыз», - дейт Р.Барпиев.

Ал эми Аксы районунун акими Медет Айдаралиев бул маалыматты четке кагып, сатылып кетти делген имарат мурда эле мечитке берилгенин айтууда.

«Ал имаратка азыркы айыл өкмөттүн тиешеси жок. Маданият үйүнүн имараты жараксыз болгондо мечитке берилген. Азыр аны териштирүү иштери жүрүп жатат», - дейт аким.

Мурдараак Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы 1 млн 300 миң сомдук маданият үйүн бузуп, 100 миң сомдон ашык каражатка сатканы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×