Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.04.2016 14:02

Жалал-Абад медициналык колледждин кызматкерлери 351,7 миң сомду ээлеп алышкан, - ОИИБ

Turmush -  Жалал-Абад ОИИБдин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери 351 миң 720 сомду мыйзамсыз өздөштүрүп алуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад медициналык колледждин жооптуу кызматкерлери 2015-жылдын ичинде студенттерден камкордук фондго деп чогулган акча каражатынан жасалма актынын негизинде 351 миң 720 сомду ээлеп алышкан.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад ОИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пункту (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу) жана 350-беренесинин 5-бөлүмү (жасалма документ) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×