Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 21.04.2016 12:35

Айыл турмушу: Базар-коргондук аксакал кайрак жерди киреше алып келүүчү булакка айлантты (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн тургуну Кадыров Маданбек аксакал адыр жерлерге дарактарды өстүрүүнүн, жашылдандыруунун өзгөчө ыкмасын колдонот.

М.Кадыров Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал жаш кезинде колхоздо айдоочу, тракторист болуп иштеген. Колхоз, совхоз тарап, чарбалар жеке менчикке өткөндөн кийин жумушсуз калганын айтат.

«Ошондо жер бөлдүрүп алып, бакча кылайын деген ойго келдим. 2005-жылы айыл өкмөткө арыз жазып, Тандоо айылынын төр жагында жайгашкан Ак-Таш деген жерден 10 гектар жерди бөлдүрүп алдым. Ал суу жок, кайрак, бош жаткан жайыт жер болчу. Кайрак жерде өсүмдүк өстүрүү үчүн чоң эмгек керек эле. Бул жерге мен дарак өстүрүүнү чечтим», - дейт аксакал.

Ал адырдын боорунда 2,5 гектар жерге атайын чуңкурчаларды казып, ар түрдүү ысыкка чыдамдуу мөмө-дарактардын уруктарын, бадамдын, жаңгактын көчөттөрүн эккен. Кийинчерээк Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматы менен байланышып, «Сууну эффективдүү пайдалануу» долбоорунун алкагында жамгыр, карлардын сууларын пайдалануу боюнча атайын кеңештерди алган.

М.Кадыров пайдаланган «Чуңкурча» технологиясы - адырларда, колоттордо, тегиз жана көчкү жүргөн кайрак жерлерде колдонулат. «Чуңкурча» технологиясы боюнча жасалган чуңкурчанын эки тарабына адырдан агып түшкөн жамгыр, кардын суулары чогултулат. Анын узун-туурасы 40 см, диаметри 50 см болуп, тереңдиги 50 см казылат.

Чуңкурчанын аралыктары шахмат түрүндө, эгиле турган көчөттүн түрлөрүнө карап жайгаштырылат. Учурда аксакалдын кылган эмгектери акталып, көчөттөрдүн 60-70%ы өсүп, мөмө бере баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×