Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 21.04.2016 12:00

Айыл турмушу: Аксынын тургуну 60 жыл мурун табылган кумараларды 5 миң долларга сатуудан баш тартты (фото)

Turmush -  Аксы районунун Сары-Кашка айылынын 70 жаштагы тургуну Молдалы Нарбаевдин үй-бүлөсү мындан 60 жыл мурда табылган кумараларды пайдаланат.

М.Нарбаев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, анын атасы Нарбай жер өздөштүрүп жатып, бул кумараларды таап алган.

«Анда мен 10 жашта болчумун. Табылган кумаралар 10-12-кылымдарга таандык экенин айылдык тарыхчылар айтышат. Кумаралардын сыртына оюу түшүрүлүп кооздолгон. Ташкент шаарынан адамдар келип, кумараларды 5 миң долларга сатууну сунушташкан. Ата-бабадан калган мурас деп саткан жокмун», - дейт ал.

Ал белгилегендей, 20 жылдан бери анын үй-бүлөсү кумараларга ун салып сакташат.

«60 жыл мурда табылган кумаранын жанынан адамдын сөөктөрү да табылган. Сөөктөр кайсы кылымга таандык экени белгисиз», - дейт М.Нарбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×