Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуТоктогул району 21.04.2016 11:53

Токтогулда Үркүндүн 100 жылдыгына карата окуучулар арасында сынак өттү (фото)

Turmush -  Токтогул районунда мектеп окуучуларынын арасында Үркүндүн 100 жылдыгына карата «Тарыхта калган кара тактар» сынагы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Сынакта окуучулар Үркүн окуясына байланыштуу окуяларды аткарып, 1916-жылдагы Орус падышачылыгынын зордук-зомбулук саясатынын таасирин чагылдырышты.

Сынактын жобосуна ылайык, районго караштуу ар бир айыл өкмөттөгү сынактарда жеңишке жетишкен 9 команда күч сынашты. Сынактын жыйынтыгында Жаңы-Жол айылынын Манас орто мектеби 1-орунду, Токтогул шаарына караштуу Т.Ормонбеков мектеп-лицейинин командасы 2-орунду ээледи. Жеңүүчүлөргө грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×