Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 21.04.2016 11:12

Айыл турмушу: Кара-көлдүк Р.Дүйшөбаева 16 жылдан бери энергетиктердин балдарын тарбиялайт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 54 жаштагы тургуну Райкан Дүйшөбаева 16 жылдан бери энергетиктердин балдарын тарбиялап келет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Дүйшөбаеванын айтуусунда, 1962-жылы Шамалды-Сай шаарында төрөлгөн. 1987-жылы Жалал-Абад педагогикалык орто окуу жайына тапшырып, 1990-жылы мектепке чейинки балдардын тарбиячысы адистигин бүтүргөн. 2000-жылдан бери Токтогул ГЭС каскадынын №8 балдар бакчасында тарбиячы болуп иштеп келет. Ага чейин мектептерде эмгектенген. Педагог катары 32 жылдык тажрыйбага ээ.

«Өзүмдүн ишим жагат. Балдарды тарбиялоо өтө түйшүктүү болгону менен өтө кызыктуу. Жаш балдардын жан дүйнөсү таза, тилдери ширин», - деди ал.

«Райкан Турдалиевна терең билимдүү. Бала бакчада балдардын ар биринин мүнөзүнө жараша мамиле кылып, тилин таба билет. Алардын келечегине кайдигер карабастан, ар бир өткөн сабагын кызыктуу оюндар менен өткөрөт», - дешет кесиптештери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×