Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 21.04.2016 10:58

Сузакта 1,5 жаштагы Раянаны өлтүргөн өгөй атага психиатриялык экспертиза дайындалды

Turmush -  Сузак районунда 1,5 жаштагы Раянаны мыкаачылык менен өлтүргөн өгөй атага кошумча соттук-медициналык психиатриялык экспертиза дайындалды.

Соттолуучу жарандын жактоочусу соттук-медициналык психиатриялык экспертизадан өткөрүүнү сурагандыктан, бул эскпертиза Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканасына жүктөлгөн.

Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, соттолуучу А.У. 2013-жылдын 5-мартында үйүнө мас абалда келип, жарандык никедеги аялы ээрчите келген 2011-жылы туулган Раянага зордук көрсөткөн. Кызды мештин табына башын күйдүрүп, аны менен токтолбостон ысып турган мештин үстүнө отургузуп, денесине жараат келтирген.

Мындан тышкары ал 2013-жылдын 18-мартына караган түнү антенна менен кызды бир нече жолу уруп сабаган. Раяна алган жарааттарынан улам өзүнө келбей каза болгон. Соттолучууга мындай айыптоо тергөө органдары тарабынан коюлууда.

«Райондук соттун 2015-жылдын 30-декабрдагы токтому менен кылмыш иш боюнча кошумча соттук-медициналык психиатриялык экспертиза дайындалып, экспертизаны аткаруу Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканасына жүктөлгөн. Дайындалган экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин кылмыш иши убактылуу токтотулган», - деп айтылат малыматта.

Белгилей кетсек, Сузак районунда 3 жыл мурун 1,5 жаштагы Раянаны мыкаачылык менен өлтүргөн өгөй атанын кылмышы ачылган.

Районго караштуу тоо тараптагы айылдардын биринде 2013-жылдын март айында 2011-жылдын күз мезгилинде төрөлүп, 1,5 жашка толуп калган Раяна аттуу кыз өгөй атасынын запкысынан каза болгон. Бирок, туугандары менен кошуналарына Раянанын ооруп каза болгондугу айтылган. Өткөн жылдын 11-сентябрында ал наристеге эксгумация жүргүзүлгөн. Наристенин өлүмүнө шектүү катары кармалган өгөй ата мазарда коюлган наристенин жайын милиция кызматкерлерине көрсөтүп берген.

Тема боюнча: Видео - Сузакта камакка алынган шектүү 1,5 жаштагы өгөй кызын кандай жол менен өлтүргөндүгүн айтып берди

Сузакта өгөй атасы өлтүргөн 1,5 жаштагы Раянанын өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүүдө, - РИИБ

Сузакта 1,5 жаштагы Раянаны өлтүргөн өгөй атанын иши сотто каралууда, ал эми апасына издөө жарыяланды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×