Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 21.04.2016 10:48

Айыл турмушу: Сузактык Ш.Рустамов фермасындагы тоокторду 5 миңге жеткирди (фото)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Барпы айылынын жашоочусу Шабдан Рустамов 6 жылдан бери тоок багуу менен киреше табат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы анын иши менен таанышты.

Ал райондо тоок фермасын колго алгандардын баш сабында турат. Айыл четинде калган сарайды сатып алып, алгач 1 миң тоок сатып алган. Учурда тооктордун саны 5 миңге жетет.

«Тоокторду азыркы учурда 3 адам карайт. Аларга тазалык керек. Эгер ферманы башка адам аралап койсо 10 күнгө чейин жумуртка бербейт. Катуу добуштар болсо да туубайт. Тооккананын температурасы 26 градуста сакталып турушу керек. Бир күндө 1 тоок 150 грамм жем жейт. Андан кем болуп калса да кыйкыра берип чарчатышат. Агын суу ичпейт, хлорлонгон гана сууну ичишет», - деди фермер.

Тоокторуна 11 түрдүү жем берет. Алган жумурткаларын кардарларына сатат. Тооктун кыктарын дарбыз-коон эккендер алып кетишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×