Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 20.04.2016 15:58

Айыл турмушу: 49 жаштагы Т.Рахматуллаев Токтогул суу сактагычында сейилдөө үчүн 200 миң сомго кеме жасады (фото)

Turmush -  Токтогул шаарынын 49 жаштагы тургуну Турсунбай Рахматуллаев Токтогул суу сактагычында сейилдөө үчүн кеме жасады.

Т.Рахматуллаев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, кемени жасоо үчүн 200 миң сом сарптап, ага 2 жыл убактысын жумшаган.

Ал Балыкчы шаарына барганда кеме жасоо идеясы пайда болгон. Эки жылдан бери изденип жүрүп, көп эмгек жумшады. Алгач кемени жүргүзүү үчүн «Жигули» унаасынын моторун коюп көргөн. Ал сыноодон өтпөй калганда башка мотор орноткон.

Учурда кеменин сууда сүзүү ылдамдыгы саатына 10 чакырым аралыкка жетет. Ал эми 2 саатка 10 литр бензин чыгымдалат.

«Учурда документтерин бүтүрүү менен алек болуп жатам. Буюрса жердештеримдин эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарт түзүүнү пландап жатам. Азыр буюртмалар түшүп баштады. Кызмат акысы үчүн ар бир адам саатына 100 сом акы төлөйт. Бул жерде отуруп тамактанууга да шарт бар. Тамакты газ менен даярдап алса болот. Учурда үй-бүлөм менен ушул иш менен алектенип жатабыз», - дейт ал.

Т.Рахматуллаев белгилегендей, кемеде коопсуздук маселеси да эске алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×