Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 20.04.2016 11:45

Жалал-Абадда 2 жыл мурунку соттук-медициналык жасалма документ боюнча кылмыш иши козголду

Turmush -  Жалал-Абад облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунда 2013-жылдын апрель айындагы шектүү аракет боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу укук коргоочу Шарап Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызматкери 2013-жылы өзбекстандык жаранга жасалма соттук-медициналык экспертиза корутундусун берген. Бул тууралуу фактылар кийинчерээк аныкталып, жабыр тарткан тараптар укук коргоо органдарына кайрылышкан.

Жалал-Абад шаарынын прокуратурасынын маалыматына ылайык, бул мыйзамсыз аракеттер боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин 1-5-6-бөлүмдөрү менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×