Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 20.04.2016 11:35

Жалал-Абаддагы 2 миңдей көмүскө ишкердиктен бир жылда 6,9 млн сом салык жыйналды

Turmush -  2015-жылдын 9 айында Жалал-Абад шаарында көмүскө ишкердик менен алектенүү боюнча 1972 учур катталып, жалпысынан 6 миллион 908,9 миң сомдук салык казынага түшкөн. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Жергиликтүү салыктар жана төлөмдөр боюнча башкармалыгынын башчысы Абыда Кочкорова билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылы шаар мэриясынын алдында аталган башкармалык түзүлүп, мурда жылдар бою көмүскө ишкердик менен алектенип келген жеке субъекттер аныкталды жана 7 миллион сомго жакын каражаттар шаар менен мамлекеттин казынасына берилди.

«Шаардык бюджеттин кирешесин кеңейтүү максатында көмүскөдө калган салык төлөөчүлөрдү таап, салык базасын бекемдеп жатабыз. Бирок биздин ишибизде тоскоолдуктар да бар. Салык төлөмдөрүн толук камсыз кылуу үчүн салык төлөөчүлөрдүн эсебин жүргүзүү, алардын отчётторун алуу, ыктыярдуу жана милдеттүү патенттердин бланкаларын жазуу сыяктуу милдеттер да башкармалыкка берилиши зарыл. Азыр бизде мындай укуктар жок. Эгер ушул укуктар башкармалыкка берилсе, анда шаардын салык базасы дагы кеңейип, казынанын киреше бөлүгү да көбөймөк», - деди А.Кочкорова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×