Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 20.04.2016 11:07

Айыл турмушу: Токтогулдук багбан экзотикалык өсүмдүктөрдү өстүрүүнү бир түп банан менен баштаган (фото)

Turmush -  Токтогулда биринчилерден болуп экзотикалык өсүмдүктөрдү өстүрүп жаткан Каныбек ажынын үйү гүлдөрдүн түрүнө толгон. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы анын чарбагы менен таанышып кайтты.

Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айыл аймагынын жашоочусу Каныбек ажы Данияров темирден гүл өстүрүүчү жай курган. Ал чарбагында гүлдүн 30га жакын түрү бар экенин белгиледи.

Айтымында, банан, лимон, мандарин өстүрүү үчүн чакан күнөскана курган. Экзотикалык өсүмдүктөрдү өстүрүүнү Ош облусунун Отуз-Адыр айылында банан өстүргөн айымдан үйрөнүп, бир түп банан сатып келген. Учурда короосундагы банандын саны 10 түпкө жетти.

«1 түп банан үчүн атайын күнөскана курдум. Ушунча убара болдум, эми башкасын да кошоюн деп 14 түп лимон отургуздум. Андан сырткары 5-6 түптөн апельсин, лимон, мандарин, лаур жалбырагын да отургуздум. Буларды өстүрүүнү акырындык менен өздөштүрүп жатам», - деди ал.

Багбан экзотикалык өсүмдүктөрдү өстүрүүдө киреше табуу максатын алдыңкы орунга койгон эмес. Үйүндө бош отурууну каалабагандыктан экзотикалык өсүмдүктөрдү өстүрө баштаган. «Короодогу гүлдөрдү, өсүмдүктөрдү көргөн жакын санаалаштар эс алуучулар үчүн шарт түзбөйсүзбү дешет. Менде андай ой жок. Балдарым, ага-туугандарымдын кооздукту көрүп эс алганы жетиштүү», - деди Данияров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×